Кечээ, филармонияда жөө адамдар сейилдөөчү жайда ак түстөгү “Лексус” маркасындагы унаа токтоп турган видеону шаар тургуну тартып алган.

Видеонун автору окуяга өзү комментарий берип, анда токтоп турган унаанын номери мамлекеттик экенин айтып жаткан учурда, жөө адамдар өтүүчү жайдан дагы бир унаа кайрылып бара жатканын көрүүгө болот.

Видеого тарткан автор:”Мамлекеттик кызматтагы жарандардын өздөрү мыйзамды сыйлабайт” деп нааразычылыгын билдирди.