Учурда жаш өспүрүмдөрдүн дээрлик баардыгы уюлдук телефон менен ойноп калганы маалым. Бирок, алардан өзгөчөлөнүп жаңы конуштун мектеп окуучулары кыргыздын улуттук оюну чүкө менен ойноп жаткандыгы, көңүлдү көтөрөт.
Күндүн жаркырап тийиши менен, шымаланып сырт кийимдерин чечип, берилип чүкө атышып жаткан өспүрүмдөр көпчүлүк жаш жеткинчектерге үлгү.