Алиментти төлөбөгөндөргө жаза оорлоштурулат. Эгерде алимент төлөөчү жаран 6айга чейин акча төлөбөсө, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынат. Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Мындан тышкары баласынын жашоосуна катыштыгы болбой калат. Тагыраак айтканда, жубайлардын экинчиси анын уруксаты жок баланы чет өлкөгө чыгарып кетсе болот. Алиментин өз убагында төлөбөй жүргөндүктөн аталык же энелик укугунан ажыратылат. Бирок алиментти төлөө милдетинен ажыратылбайт.

Бүгүн, бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында “Алимент жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып жатат.Эгер колдоо тапса үй-бүлө кодексине жаңы өзгөртүүлөр киргизилет. Ага ылайык алименттин суммасын эң аз дегенде 1800сом өлчөмүндө киргизүү сунушталып жатат. Мындан тышкары, 3 айга чейин алимент төлөбөгөн жаран “атайлап төлөөдөн качкан карызкор” болуп эсептелинет.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: