Баткен облусунун Согмент айылындагы футбол аянтынын жоктугу окуучулардын 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аянтчага барууга мажбур кылат. Кыштын ызгарлуу күнүндө жолдун тайгагы жана алыстыгы да окуучулардын ата-энелерин сарсанаага салат. Футбол сүйүүчүлөр үчүн айыл жергесине мини аянтча орнотуп берсе жеткинчектердин кызыгуусун дагы арттырмак дешет ата-энелер.
Айылдын жеткинчектери бир айда эки ирет район борборуна футбол ойноо үчүн барышат. Атайын кичи автобус да жалдап алышкан. 30-40 бала топтолгондуктан мектеп мугалими да коштоп барат. Балдардын спорттун бул түрүнө кызыгуусу Азия биринчилигиндеги кыргыз курама командасынын оюнунан соң арта түшөт