Аймактар өнүкпөйүн мамлекет өнүкпөйт. 2018-жылдагы өкмөттүн бул демилгеси быйыл дагы уланып, быйылкы жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү « жылы деп жарыяланды. Аны менен катар Талас районунун Р.Айдаралиев айыл аймагындагы кашарларга элдин демилгесинин негизинде Тундук Электр ишканасы тарабынан электр чубалгылары тартылып, тоо этегиндеги элеттиктердин үмүтү акталды. Айыл тургундарынын бул кубанычын облус башчы М.Мураталиев тен бөлүшүп, элет жашоосунан кабар алды.
Электр жарыгын күткөн элеттиктердин энсеген көйгөйү чечилди. 25 жылдан бери электр жарыгысыз жашап келген бул уй бүлөөдө бүгүн чоң жанылык . Анткени свет келип, чөнтөк телефондорун кубаттап , эн башкысы балдары сыналгы көрүп, үй бүлө мүчөлөрүнүн көңүлдөрү толуп турган убагы.