Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул боюнча Ички иштер министрлиги кабарларды.
Маалыматка ылайык, 2017-жылга караганда, өткөн жылы өз жанын кыйгандардын саны көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанын кечсе, алардын 91и аял киши.
Акыйкатчылардын баамында жарандардын өз жанын кыюуга үй бүлөдөгү чыр-чатак түрткү болсо, өспүрүмдөрдүн суицидке кабылышына ата-энеси менен болгон келишпестик негизги себеп.