39жыл түрмөдө айыпсыз отурган америкалык жаранга бийлик 21 миллион төлөп берет
Бул катачылык менен темир торго түшкөн Крейг Колинин сүрөтү
Калифорниянын тургуну Крейг Коли компенсация катарында жергиликтүү бийлик тарабынан 21 миллион доллар алат. Анткени ал 39 жыл түрмөдө күнөөсүз отурган. Бул боюнча “TJournal” журналы жазып чыкты.
Крейг Коли 1978-жылы аялды жана анын 4 жаштагы баласын өлтүрдү деген айып менен түрмөгө түшкөн. Кылмыш ишин иликтөөдө негизги күбө кошунасы болуп ,ал кылмышка шектүүнүн унаасын, окуя болгон күнү, каза тапкан аялдын үйүнөн көргөнүн белгилеген.
1978 өлтүрүлгөн аял жана анын 4 жаштагы баласы
Бир нече жылдардан соң, иликтөө ишинин жыйынтыгы камакта отурган адамдын күнөөсү жок экенин аныктаган. Каза тапкан жарандын үйүнөн башка эркек кишинин терисинин калдыктары табылган. Андан тышкары Крейг Колинин ДНКсы 4 жаштагы наристенин кийиминен табылган эмес. Ал эми окуяны баяндап берген кошунасынын айнегинен машинаны толук аныктап, ичинде отурган адамды көрүүгө мүмкүн эмес экендиги да такталган.
2017-жылдын ноябрь айында Крейг 70 жашында боштондукка чыкты. Губернатор Джерри Браундун айтымында, шаар акталган жаранга 4,9 миллион доллар төлөп берет, калган 21миллион башка булактардан түшөт.
Калифорниянын бийлиги айыбы жок камалган жаранга миллион төлөп берүүдөн эми пайда жок экенин белгилешкен