Сезим Асанкулова 5 класстын окуучусу. Дем алыш күндөрү да мектепке келээрин айткан кичинекей карман китеп окуганды жакшы көрөт, ар кандай адабий китептерди окуп андагы чыгармалардан таасир алган Сезим кышкысын от жакканда мештен из чыгып классташтары бир топ эле ооругандыгын жашырбайт. Учурда анын жана курбалаштарынын жаңы мектеп курулуп калса деген үмүттөрү чоң.
Бир гана окуучулар эмес,жалпы мектеп жамаатын жаны имаратка зарылдыктары күч. Маселен мында окуган 140 баланы бул билим уяга батыруу кыйын, аргасызда окуучуларга билим берууну улантуу максатында ары карап ыйлап бери карап кулуп, абалдан чыгууга туура келет.