Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн мамлекетке төлөп берет

499

Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов өзүнө берилген турак жай ссудасынын мыйзамдуулугу боюнча билдирүү жасады.
Айтымында:
“Коомчулукта мага берилген турак жай ссудасы боюнча кызуу талкуу болуп жатат. Аны мыйзамсыз алган деген кептер дагы айтылууда. Бул маалымат боюнча башкы прокуратура иликтөө жасады. Жыйынтыгында, эч кандай мыйзам бузуу катталбаганы аныкталды” деп билдирди Т.Абдыгулов
Ага карабастан, Улуттук банктын жетекчиси турак жай ссудасынын калган пайызын мамлекетке төлөп берерин, бирок ал процесс бир нече убакытты талап кылаарын кошумчалады

“ Мен Улуттук банктын жетекчиси катары турак жай ссудасынын калган пайызын төлөп берүү чечимин кабыл алдым. Бирок менин чечимим эле жетишсиз экен. Дегеним ,аны төлөө үчүн бир нече ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү талап кылынат. Андан улам тез арада каражатты төлөп берүү мүмкүн эмес” дейт Абдыгулов

Эске салсак, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганы былтыр октябрда ачыкка чыккан.
Башкы банк бул маселе боюнча түшүндүрмө берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын маалымдаган.Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь