Ала-Тоо аянтында бычак жеген 19 жаштагы жигит каза тапты

1 626

24-февралда Ала-Тоо аятында жаш жигиттердин ортосунда чатак чыгып, эки адам бычак жеген.

Ооруканага жеткирилгенден кийин, алардын бири операция учурунда каза болгон. Экинчиси ооруканада.

Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча 23-февраль күнү бир нече жигит ижарага алган батирде биринин туулган күнүн майрамдап, отурушка эки кызды чакырышат. Бир аздан соң жигиттер менен кыздардын ортосунда чыр чыгып, мейманга келген бийкечтер телефон аркылуу өз тааныштарын чакырышат.

Жардамга келген балдар менен туулган күн майрамдап жаткан жигиттердин ортосунда мушташ чыгып, экөө бычак жеген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Ден соолукка оор залака келтирүү”) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Милиция бычак урган деп 23 жаштагы Т.А. аттуу адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө тобу мушташтын башка катышуучуларын издеп, баштапкы териштирүү иштери жүрүп жатат.

Каза болуп калган жигиттин достору батирди Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги аймактан ижарага алышканын, жалпы жонунан сегиз экенин айтып беришкен. Кыздар менен уруша кеткенден кийин алардын номерине сегиз жигит кирип келип мушташа кетишкен. Андан кийин алар батирден качып чыгууга аргасыз болушкан.

Саат 1.30 менен 2.00дүн ортосунда балдар Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жеткенде артынан куугунчулар жетип келген. Аларга аянттагы көңүл ачуучу жайдан чыккан дагы 20дай бала кошулуп кеткен. Мушташ учурунда эки балага бычак урулган. Маркумдун досторунун айтымында, кол салган тараптагы үч жигит бычак көтөрүп жүргөн.

Комментарии

  1. Attractive section of content. I just stumbled upon your web site and
    in accession capital to assert that I acquire actually enjoyed account your blog posts.
    Any way I’ll be subscribing to your augment
    and even I achievement you access consistently rapidly.

    Here is my blog; cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь