Араб элин таң калтырган “Мөлмөлүм”(ВИДЕО)

537

Ырчы Мирбек Атабеков Дубайда араб элине кыргыздын элдик ырларынын бири болгон “Мөлмөлүм” чыгармасын тартуулап элди таң калтырды. Көрүп жаткан элге ыр өзгөчө таасир калтырганын алардын жүзүндөгү жылмаюдан жана кайдыгер калбай бийлеп жатышканынан байкоого болот

Бул видеону интернетке Мирбек Атабеков өзү жүктөп,”Мөлмөлүм арабдарга жакты”. -деп баяндама жазып калтырган.

Видеодо ырды коштоп, бийлеп жүргөн араб элинин өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Андан кийинчерээк дагы бир жерде “Мөлмөлүмдү” ырдап жаткан видеосу менен бөлүшкөн Мирбек Атабеков:

“Мен бардык жерде “Мөлмөлүмдү” арабдар үчүн аткаруумду суранышканына кабычтамын”, -деп таң калганын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь