Дастан Шаршеев кикбокстун К-1 версиясы боюнча профессионал мушкерлер арасында өткөн беттеште чемпион болду.
Ал орусиялык атаандашы Алексей Додоновду экинчи раундда нокаут менен утту. “Мыктылардын мелдешин” жаңы түзүлгөн кыргызстандык “К-1 Max Pro” промоутердик компания уюштурган. Анын алкагында 10 беттеш өтүп, Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан спортчулар катышты.
Мелдеш Кожомкул атындагы спорт ордосуңда 25-февралда өттү.
Дастан Шаршеев буга чейин эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча мелдештерге катышып келген. Уюштуруучулардын айтымында, бул Дастан Шаршеевдин кикбокстун профессионалдар арасындагы алгачкы беттеши
Thank you great posting about essential oil. Hello Administ . Rulet , Canli Rulet, Website Tikla . Rulet