Европа Биримдигинин эскертүүсү

408

Европа Биримдиги Венесуэлага аскердик кийлигишүүдөн алыс турушу боюнча эскертүү берди.

Европа Биримдиги комиссиясынын катчысы Майя Кошиянчич, Венесуэладагы кризистин тынчтыкчыл жана демократиялык жолдор менен чечилүүсү керектигин жана ошондой эле бул максатка күч колдонуу жолу менен жетүүгө болбой турганын белгиледи.

Майя Кошиянчич: «Венесуэлага аскердик кийлигишүүдөн алыс турулушу керек»,- деди.

Венесуэлада көпчүлүгү оппозициянын колунда турган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо, өткөн айда өзүн «убактылуу мамлекет башчы» деп жарыялап, АКШ баш болгон Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста Рика жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан таанылган, эң акырында Европа Парламенти дагы ошондой кадамга барган.

Түркия, Мексика, Орусия, Иран, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өкмөтүн колдогонун кайталап, Мадуро да бул абалдар боюнча АКШ менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзгөнүн, бирок соода карым-катнаштары улана турганын жарыялаган болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп да абалдарга байланыштуу Венесуэлага аскер жөнөтүүнү альтернативалардан бири катары көрсөткөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь