“Калыс Ордо” конушунун тургундары “Шылуундардын” кылтагына илинди

449

Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков өзүнүн фейсбук социалдык баракчасына мыйзамсыз салынган үйлөр боюнча жеринен видео тартып киргизди. Ал видеодо Аскарбеков “Калыс Ордо” жаңы конушунда, эгин эгилчүү талаага салынган үйлөрдүн мыйзамсыз экенин айтып, канчалаган эл алдамчылардын торуна түшүп жатканын белгиледи.

Тасмада көрүнгөндөй ээн талаада бир нече жаңы үйлөр салынып, кадимкидей айылга айланып бара жатканын байкоого болот

Мавлян Аскарбековдун өзүнө байланышканыбызда: “Өкмөт бул маселени тезинен чечүү керек. Ал жерде отурукташкан жарандар ушул күнгө чейин документин “шылуундарга” ишенип тапшырып, насыяга алган акчасына турак жай курушкан. Учурда ал жерде жол, бала бакча,мектеп, электр энергиясы а түгүл суусу жок. Бул жерлерди сатып алган жарандардын үйлөрү мыйзамдаштырылбайт. Ошондуктан өкмөт мындай көйгөйдү тезинен чечип, ички иштер кызматкерлери дагы алдамчылардын артынан түшсө жакшы болмок”дейт

Аскарбеков кыргыз элине жер алууда кызыл китебин текшерип, мыйзамдуу жол менен сатып алууга чакырды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь