Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды туураган жана ага окшоштугу менен атагы чыккан австралиялык куудул Ховард X, Вьетнамдан чыгарылды.

Түндүк Корея лидеринин Вьетнамга баруусуна аз калганда жашаган мейманканадан кызматкерлердин коштоосунда борбор шаар Ханойдогу аэропортко барган оюнчу, «Сатира диктаторлукка каршы чоң күч болуп эсептелет. Түндүк кореялыктардын сатира түшүнүгү жок»,-деп айтты.

Ховард Х, айрыкча вьетнамдык 15 жооптуу кызматкер тарабынан суракка алынганын жана тынчсыздануу жаратпашы үчүн эскертилгенин билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын окшошу Рассел Уайт менен жума күнү Ханой шаарынын борборунда жолуккан австралиялык куудул, элдин жана басма сөздүн чоң кызыгуусун тарткан болчу.

Июнь айында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурда жолуккан убакта ал өлкөгө барган куудул, шоу көрсөтүүсүнүн себебинен полиция тарабынан кармалган.

Түштүк Кореяда өткөн 2018 Кышкы Олимпиадаларында да ортого чыккан Ховард Х сахна аттуу оюнчу, Түндүк Кореянын моралдык тобунун алдында бийлеп киргени үчүн коопсуздук топтору тарабынан четтетилген болчу.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбор шаары Ханойдо экинчи ядролук саммиттерин ишке ашырыш үчүн 27-28-февраль күндөрүндө жолугат.

Түндүк Корея лидеринин Кытай аркылуу 60 сааттык поезд жол тартуусунан кийин бүгүн Вьетнамга кириши күтүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2