Кудай сактаптыр! Секунд ичинде энеси баласын өлүмдөн алып калды

342

Вьетнамда мотоциклден кулап калган эне баласын бир секунд калганда өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу Daily Mail гезити жазат.

Окуя Вьетнамдын түндүгүндөгү Намдинь провинциясында болгон.

Видеодо көрүнгөндөй, боз түстөгү автоунаа мотоциклде бара жаткан үч кишини сүзүп кеткен. Арткы жагында отурган аял менен жаш бала кулап, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен.

Келе жаткан оор жүк ташуучу унааны байкаган эне секунд калганда баласын өзүнө тартып, өлүмдөн сактап калды.

Мотоциклди айдап бараткан киши артындагылар кулаганын көрүп, жолдун четине чыгып токтогон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь