Кызыл-Кыштак айыл башчысы мыйзамсыз жер сатканбы?(ВИДЕО)

437

«Айыл өкмөт башчысы кызматка жупуну келип, эми элдин жерин сатып күркүрөгөн байга айлынды»! Бул тууралуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Гүлнара Мырзакеримова билдирди.

Айтымында, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров аймактагы кайракы жана сугат жерлерди сатып, карапайым элдин маселесин карабайт. Жерге муктаж үй-бүлөлөрдүн жер алууга токтому чыкса да, аны 5 жылдап ала-албай жүргөн жарандар айыл өкмөттүн кызматтан кетүүсун талап кылып, президентке кайрылуу жолдоду.

Ал арада айыл өкмөт айтылган дооматтарды четке какты. Мындан тышкары, өзүн каралоого катыштыгы бар 2 жаранды сотко берип, жалпы 3 млн сом доого жыгууну көздөп турат. Кененирээк кийинки материалда баяндалат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь