“Кыргызалтын”мамлекеттин эркесиби?

510

Бүгүн “Кыргызалтын” ишканасынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитети маалымат угуусу керек эле. Бирок төрагасы Алмаз Алимбековдун бул жыйынга келбегендиги эл өкүлдөрүнүн кыжырын келтирди. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев:

“мамлекеттин бюджетин түзө турган Кыргызалтындын мамилеси мындай болуп турса,экинчи ТЭЦти кайталайт. Жакшы эле убакыт бердик ,буга чейин дагы бир нече жолу жылдырдык. Эми акыркы бир жуманы беребиз. Бир жумадан кийин өкмөт менен бирге келип жооп бересиңер”

Депутат Умбеталы Кыдыралиев дагы кесиптешинин сөзүндө чындык бар экендигин айтып, “Кыргызалтындын” акыркы үч айдан бери маалыматын ала албай келе жаткандыктан, бул жолу катуу чара көрүлсүн деген оюн билдирди. Бир жумадан кийин аталган маселе кайрадан комитетте каралуу чечими кабыл алынды. Ал эми төрага Алмаз Алимбековдун башка жакта жүргөндүгүнөн улам келе албай калгандыгын тарапташтары жүйө келтирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь