Интернетте президент Сооронбай Жээнбековдун унаасы жол тыгында калган видео тарады. Ал тасмада Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде президенттик унаа катардагы унаалардай жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкердин буйругуна баш ийип өткөн. Бул окуя качан катталганы жана убакыты боюнча жазылган эмес.