Бүгүн Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дүйнөлүк банктан гранттык негизде бөлүнгөн каражатка алынган жолтандабасын сатып,анын ордуна алыскы аймактардагы муктаж жерлерге тез жардам унаасын алып берүү маселеси козголду.

Депутат Абдывахап Нурбаев: “эл өкүлү болгондон кийин,биз көбүрөөк элге пайда жагын карашыбыз керек. Кыргызстанга Дүйнөлүк банктан акча келип жатса, биз ошого “джип” алып алсак уят да?”

Ал эми министр Космосбек Чолпонбаев Дүйнөлүк банктын долбоорунда тез жардам унаасы каралбаганын,жолтандабастар мыйзамдуу түрдө максаттуу колдонулсун деп берилгенин билдирди.

Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында жолтандабастар сатылып региондорго тез жардам унаасы алынып берилсин, премьер-министр саламаттыкты сактоо минисртлигинин ишин карасын, гранттын туура пайдаланылышы башкы прокуратура тарабынан текшерилсин деген чечимдер кабыл алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: