Бүгүнкү күндө Талас аймагында балык багып, андан жакшы киреше тапкан фермерлердин саны акырындык менен көбөйүүдө. Бирок мал багып, жер иштетип көнүп калган элеттиктер үчүн балык багуу бир топ түйшүктүү жана мээнетти талап кылат. Анткени, кылдаатсыз жасалган жумуштун арты менен балык чарбасы өзүн актабай, кайра чыгымга алып келишин фермерлер айтат.

Ага карабастан балык багууну каалагандар, талыкпай эмгек кылууда. «Форель» балыктары Көпүрө-Базар айыл аймагынын тоо этегинде жайгашкан көлмөдө багылат. Болгондо дагы кадимки контейнерлердин ичинде. Ал үчүн суу агып өткөн аймакка көлмө жасалып, ага 4 контейнер орнотулган. Анын ичинде азыр болжолу менен 2000 минге жакын «Форель» балыгы бар.

Алар бул контейнердин ичине 8 ай мурун, «малёк» кезинде кое берилген. Эми дагы бир аз чонойсо, жаз-жай айларында сатыкка чыгарууга жарап калат. Бирок ал убакытка чейин, балыктарга жемин берип, үзгүлтүксүз суу менен камсыздап туруу зарыл.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: