Сооронбай Жээнбеков: “Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт”
Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында 2018-жылы региондордун экономикалык жана социалдык инфраструктурасын каржылоо иши жакшырды.

Өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди. Бул сумманы 20 млрд. сомго жеткирип алсак деген максаттарды койгонбуз, бул көрсөткүч, мына минтип 25 млрд. сомго жетти .

Региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү”– деди мамлекет башчысы өз сөзүндө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: