Президент С.Жээнбеков:”Аймактарды өнүктүрүүдө системалуу иш жок”(ВИДЕО)

380

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү багытында системалуу иш жок деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” деп аталган жыйында билдирди. Мындай көрүнүштүн жаралганы үчүн өлкө башчы, бийлик өкүлдөрүн сынга алып, ошол эле учурда акимдердин укугун кеңейтүү керек экенин белгиледи.

“Мен аймактарда эл менен жолукканда алар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү – жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр.
Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур?
Мына ушул жагдайды анализдөө керек.
Аким институтун бекемдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат, мыйзамдарга өзгөртүү процессин тездетүү керек.
Бул ишти райондун өнүгүү талабына, жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү талабына ылайык жүргүзүү керек.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн адистик потенциалын жогорулатуу керек”

Мамлекет башчынын пикиринде, жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн атайын критерий иштеп чыгуу зарыл жана аймактарды өнүктүрүү боюнча ырааттуу иш жүргүзүү үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь