Сауд Арабиядагы Өнүктүрүү фонду Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, сугат тармагына 30 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун аталган өлкөгө болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
26-февраль күнү Кыргызстандын өкүлү менен фонддун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Халид бин Салим Аль-Худейри Сауд Арабияда жолуккан. Анда 30 миллион доллар каражат бөлүнө тургандыгы айтылган.
Андан сырткары Кыргызстандын долбоорлорун Сауд Аравия тарабынан каржылоо көбөйөт деп ишендирди.