Сооронбай Жээнбеков: “Ирригация программасына ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт”
Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында Программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнгөн.Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары
аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген. Ал эми экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды.
“Ирригация программасын ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп отурабыз. Талаптар жогору. Бул программаны сөзсүз ишке ашырыбыз керек.Анткени, программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет – жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт»-деди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков
Белгилей кетсек биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд. сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот