Чыпалак бала! 268 грамм салмактагы бала төрөлдү

705

2018-жылы август айында, Япониянын Токио шаарында дүйнөдөгү эң кичинекей ымыркай төрөлдү. Аны дарыгерлер үйгө чыгарууга дагы уруксат беришкен. Бирок наристе көп убакыт жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бул боюнча “9news” жазып чыкты

Баланын болгон салмагы 268 грамм. Кош бойлуу эненин курсагындагы ымыркайга 24 жума болгондо эле операция жолу менен жарыкка келген. Анын себебин дарыгерлер баланын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын жүйө келтиришкен.

Наристе адамдын алаканына толугу менен батып, жаңы төрөлгөн баланын нормалдуу салмагынан 9 эсе аз дешет дарыгерлер. Ошондуктан ымыркай оорукананын жандадыруу бөлүмүндө 6 ай жаткан.

Учурда бала 3,238 кг салмакта. Оорукананын жалпы жаматынын айтымында бул наристе тарыхтагы эң кичинекей ымыркай болуп калды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь