Чыркыратып! Астанада “Назарбаев кетсин” деп кыйкыргандарды полиция кармап кетти(ВИДЕО)

357

Астанада, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кетти. Бул боюнча “Азаттык” порталы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес.

Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур Отан» партиясынын кеңсеси жайгашкан жерге чогулгандарды полиция кармап кетти. Алматыда чогулгандар жумуш орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу тууралуу талаптарын айтышты. Алардын арасында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандар да болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь