Алмазбек Атамбаев Ахматбек Келдибеков менен Азимбек Бекназаровко 100 миң сом төлөп берүүсү керек. Бул чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы чыгарды.
Бүгүн, 28-февралда, Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдакы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдакы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаевдин доо арызын колдоду.
Сот, экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде жогоруда аталган аткаминерлердин ар-намысына шек келтирди деп таап, ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүнү буйруду.
Белгилей кетсек, аталган аткаминерлер Алмазбек Атамбаев 18 миллион сом талап кылышкан.
Алар акча каражатын кайрымдуулукка жумшамакчы.