Илим Карыпбеков талапкерлигинен баш тартты

395

КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков кызматынан кетет. Бул боюнча ал бүгүнкү КТРКнын жетекчилигине талапкерлерди тандоо боюнча байкоочу кеңештин жыйынында билдирди

Байкоочу кеңештин социалдык тармакта ал боюнча айтылган кептер тураалу сураганда, Карыпбеков ал суроого жооп катары, берген убадасына туруп кызматтан кетүү боюнча расмий арызын тапшырды

Анын баамында КТРКга жетекчи болуусун көпчүлүк каалабай жатышат жана коомдук каналга менден мыкты башчы келсин деген пикирин айтты.
Эске салсак, Карыпбеков интервьюлардын биринде коомдук каналга “өлсөм дагы жетекчиликке талапкерлигимди койбойм” деп билдирген. Бирок кайрадан документтерин КТРКга башкаруучулукка тапшырганы коомдо кызуу талкуу болуп, “Сөзүнө турган жок” деген сындар айтылган

Учурда 25талапкер жетекчиликке каттодон өтсө,анын ичинен Муслимова Жылдыз,Шеримбеков Бөлөкбай жана Аттокуров Элдар керектүү документтер жетишсиздигинен улам конкурстун 2- этабына өтпөй калышкан. Азыр 22 талапкер ат салышууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь