800 миң кыргыз Орусияда мигрант

396

Дүйнөдө ар жетинчи адам – мигрант. Бул боюнча, Эл аралык миграция уюмунун эксперти Ирина Черных билдирдиргенин маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, мигранттар Түндүк Америкада, Европада жана Саудияга көп барат. КМШ мамлекеттеринин, анын ичинде Борбор Азиянын жарандары көбүрөөк Орусияда иштешет.

Эл аралык эмгек уюму 2018-жылдын этегинде дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 164 миллионго чапчыганын билдирген. Анын 68 миллиону аял. Эгер согуш болгон аймактардан качып, башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болгондорду кошсо, дүйнөдөгү мигранттардын саны 250 миллиондон ашат.

Мигранттар саны 2013-жылдан кийин көбөйө баштады.

Кыргызстандан Орусияга кетип жаткандардын саны расмий эсепте 500 миңден 800 миңге чейин, бейрасмий эсепте миллиондон ашык экени айтылат. Андан тышкары, соңку жылдары Түркияга, Түштүк Кореяга жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын саны да көбөйүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь