Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыевке жазган каты кызуу талкууга түштү. Себеби ал жазылган катта көп ката кетирилген.

Ал расмий жолдомо 12-февралда жазылганы жана маазмунунда жаңы мыйзам беренелери, укук бузуулар, мыйзамсыз жерде таштанды ыргыткан жарандарга салынчуу айып пул туурасында камтылган.

Расмий кат 2 тилде жазылып, жасалгасы орус тилинде болсо, маазмуну кыргыз тилинде жазылган. Акырында өкмөттүн аппаратына тиешелүү мөөр басылган.

Белгилей кетсек, белгисиз жаран бул каттагы каталарды белгилеп интернетке жарыялаган.

Мындай көрүнүш социалдык тармакта талкууга түшүп, айрымдары Жогорку Кеңештин төрагасы үчүн бул уят экенин белгилешти. Бирок бул катты жалган маалымат экенин жазгандар дагы болду.

Ага ылайык, спикердин маалымат катчысы Эльвира Темир жарыяланган каттын чындыгын төгүндөп, жасалма документ катары сыпаттады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: