Фейсбук колдонуучусу Зарылбек Шермаматов өзүнүн баракчасына “Өзгөн, самсакана” деген аталыштагы кызыктуу сүрөт жарыялады. Анда көрүнгөндөй ашканалардын биринин эшигине кагазга “Насыяга тамак, самса берилбейт” деп жазылган. Өзгөн шаарындагы ашкананын ээсинин тургундарга кайрылган мындай билдирүүсү, интернет колдонуучуларынын жүзүнө жылмаю алып келди.