К.Жолдошбаевке “Алтын көлөч” ыйгарылды

470

Танк менен карышкыр атууну сунуштаган депутатка “Алтын көлөч” ыйгарылды. Мындай наамды депутатка берүүнү коомчулук туура тапкан. Бул боюнча «T-Media Group» жазып чыкты.

Эске салсак, аталган сайт февраль айынын башында элди кыжырланткан аткаминерлер боюнча элдик сурамжылоо жарыялаган. Онлайн сурамжылоонун жыйынтыгында “Алтын көлөч” өз ээсин тапты.

Интернет колдонуучулар Камчыбек Жолдошбаевдин Жогорку Кеңештин трибунасынан акылга сыйбаган бир нече жолу айткан пикирлерин мисал келтиришти.

Маселен, өткөн жылы К.Жолдошбаев кадимки эл ташыган кичи бустар менен депутат кесиптештери жумушка каттаса уялганын, ал үчүн баш кийимин ылдый кылып өтүп кетерин айткан.

Дагы бири, быйыл Нарын облусунун Ак-Талаа районунда карышкырлар айылга кирип жылкыларга кол салганын, аларды танк менен атууну өкмөттөн суранган.

Депутаттын парламент трибунасынан айткан видеосу социалдык тармактарда тарап, катуу талкуу болгон. Интернет колдонуучулары Жолдошбаевди мына ошол демилгелери үчүн «T-Media Group» жарыялаган элдик сурамжылоодо “Алтын көлөч” сыйлыгына талапкерлигин көрсөтүшкөн.

“Айтмакчы, Камчыбек Жолдошбаевге эскертебиз. Эгер Ош шаарына жолуңуз түшсө биздин редакцияга кайрылып, «Алтын көлөчүңүздү» ала кетсеңиз болот деп” жазылган маалыматта

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь