Социалдык тармактарда Казакстандын “Түрк тилдүү элдеринин салттык спорт оюндарынын ” ассоциациясына мүчө болууга Канат Исаевдин колу коюлган документ жарыяланып катуу талкууга түшкөн. Бүгүн депутат Исаев дарегине карата айтылган сөздөргө билдирүү жасады. Анын айтымында, 2013-жылы кол коюлган документте тай казандан баш тартып көкпарды колдоо дегенди туюндурбайт.
“Эгер ошондой мааниде мен кол койсом азыркыга чейин тай казан менен оюн ойнолбой калат эле да. Андагы түрк тилдүү мамлекеттин өкүлдөрү менен биргелешип кабыл алынган документ ат оюндарын өркүндөтүү максатында бири-бирибиз менен мамилени бекемдөө үчүн түзүлгөн.”
К.Исаевдин айтымында, ал койгон документ кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келбейт.