Р.Момбеков: “Энергохолдингде 43 бекерчи отурат”

297

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков КСДП фракциясынын жыйынында, Улуттук энергохолдинг эмне жумуш аткарат? – деп суроо узатты. Ал Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүн билбей тургандыгын жана аталган акционердик коомдо 43 бекерчи отурганын айтты.

«Силерден эч кандай пайда жок. Силер холдинг, акционердик коомсуңар да. Силер менен Казакстандын Энергетика министрлиги жеке менчик компания деп сүйлөшпөйт. Бул орган мурда жок болчу. Аны 3 киши түзгөн — Турдубаев, Калиев жана тээтиги Кубатбек Бороновдун аркасында шыбырап жаткан Азамат Оморов. CASA-1000 жана электр энергиясынын экспорту жөнүндө дайыма айтып келесиңер. Өзүбүзгө жетпей жатса, кантип экспорт кылган атасыңар?», – деди Р.Момбеков.

Ошондой эле ал Энергетика министрлигин түзүп, Улуттук энергохолдингди жоюуну сунуштады.

Бирок, биринчи вице-премьер-министр К.Боронов бардык пакеттерди Энергетика министрлигине өткөрүп, Улуттук энергохолдингди жоюу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь