1 суткада 2 облустда жер титиреди

303

Таласта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-мартында саат 02:06да Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас районунун Коргон айылында 2,5 баллга, ал эми Бир-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”-деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, кечээ 28-февралда саат 10:55те Ош облусунун аймагында дагы очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, ал эми Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь