Ат-Башы районундагы элдин электр энергиясына болгон карызы 1 млн 502 миң сомго кыскарды

389

Ат-Башы районундагы элдин электр энергиясына болгон карызы 1 млн 502 миң сомго кыскарды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Азим Аалиев билдирди. Аталган кабар ишенимдүү маалымат булактарынан алынды

Маалыматка ылайык,“2019-жылдын 1-февралына карата жалпы Ат-Башы району боюнча 15 млн 807 миң сом карыз бар. Анын ичинен 8 млн 991 сом элдин карызы, 3 млн 194 миң сом жергиликтүү бюджеттин карызы, 894 миң сом республикадан каржыланчу бюджеттин карызы, 41 миң сом өндүрүштүк ишканалардын карызы, болсо 3 млн 579 миң сом коммерциялык мекеме-ишканалардын карызы”

2018-жылдын 1-февралына карата жалпы карыз 17 млн 310 миң сом болсо, 2019-жылы 15 млн 807 миң сом болуп, 1 млн 502 миң сомго кыскарган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь