Самарада каза болгондордун арасында кыргыз жараны жок. Эске салсак, Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгынан 3 жаран каза болуп, 5 адам жабыркаган.
Ал эми россиядагы Кыргызстандын элчилиги бул маалыматты тастыктап, жабыркагандардын бирөө Кыргызстандык экенин маалымдады
“Расмий маалыматты Россиянын ӨКМинин чукул кырдаалдар башкармалыгынан алдык. Ага ылайык, кырсыктан көз жумгандардын ичинде биздин жарандар жок. Төрт киши жабыркаган, алардын бирөө кыргызстандык. Ал Красноярск районунун борбордук ооруканасына жаткырылган”
Окуя 1-март күнү катталып, Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.
Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандардын арасында Тажик жана Өзбек өлкөлөрүнүн жарандары бар.Окуя 1-мартта катталып, Lada Largus унаасында жети жүргүнчү бара жатса, Hyundai унаасында Ульяновск облусунун жарандары кетип бараткан. Денесинен ар кандай жаракат алгандар Красноярск районундагы ооруканага жеткирилгени жазылат маалыматта.
Абайлаңыз сүрөт!