Алайдан жүк ташуучу унаа менен кар ташып келе жаткан видеону SUPER.KG порталы жарыялады. Маалыматка ылайык, видеонун автору жүк ташуучу унаанын айдоочусу кар сатылаарын айтканын белигилеген:
“1-мартта 30 мүнөт ичинде Алай тараптан келе жаткан 4 жүк ташуучу унаа кар жүктөп өтүштү. Унаада чогуу бара жаткандар кар сатыларын айтышты. Алайга барып, кайра келе жатканда 10го жакын унаанын кар жүктөп кетип жатканын көрдүм”.