Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол ойноого макул болгон өлкөнүн белгилүү айымдарынын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, 6-мартта Кыргызстандын Футбол федерациясы менен БУУнун балдар фонду “Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей” аттуу фестиваль уюштурат.
Анда Кыргызстандын белгилүү айымдары Бишкектеги жаңы конуштардагы өспүрүм кыздар менен футбол ойнойт.
Футбол ойноого макулдугун берген айымдардын тизмеси:
Айгерим Сабралиева — Кыргызстандын Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү;
Нурайым Рыскулова — блогер, пиар-адис;
Айжан Кулибаева (Алина Баженова), “Европа плюс” радиосунун алып баруучусу;
Гуля Алмамбетова — Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси;
Мирзада Майчинова — “Энджи” музыкалык программасынын менеджери.
Белгилөөчү жагдай, азыркы тапта оюнга катыша турчу аткаминер аялдардын тизмеси түзүлүп жатат.