Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, өлкөнү урпактар сыймыктангыдай өнүктүрүү максаты тургандыгын айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз –— Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү”деп айтылат маалматта
Ал куттуктоо менен бирге эле чың ден соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстанга тынчтык каалаган.
Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.