Араб шейхинин дүйнөдөгү эң чоң жолтандабасы (ВИДЕО)

406

Абу-Дабинин башкаруучу династиясынын шейхи Хамад Бин Хамдан аль Нахайян коомчулукка өзү буйрутма кылып жасаткан “дүйнөдөгү эң чоң жолтандабасты” көргөздү.

Ири унаа Dhabiyan 24 тонна болсо, узундугу 11 метр, ал эми бийиктиги 3,5 метрди түзөт. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 600 аргымактын күчүнө тең.

10 дөңгөлөктүү унаа Oshkosh M1075 аскер машинасынын негизинде куралган. Алды 40-жылдагы жүк ташуучу унааны элестетсе, кабинасы — заманбап Jeep Wrangler Unlimited унаасыныкына окшош, чырактары — Ford Super Duty үлгүсүнөн алынса, ал эми арткы бампери — Dodge Dart машинасын элестетип турат.

RT маалымдагандай, жолтандабас БАЭнин түндүк-чыгышындагы Аль-Мадам шаарында жайгашкан Өзгөчө унаалардын тарыхый музейине коюлмакчы.



Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь