Бостериде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

370

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде маалымдалды

Маалыматка ылайык, ал Бостерини «кармап жүрөт» деп айтылууда.

«Милицияга арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Айтымында, ал мал чарбачылыгы менен алектенет, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан акча талап кылган. Буга чейин шектүү фермердин керегине жарап, ишин бүтүрүп берген, бирок акысына бир канча уй жана кой алган. Чыгым 10 миң долларды түздү», -деп айтылат маалыматта

Күбөлөр шектүүнү сот учурунда тергөө абагына киргизүүнү өтүнүшкөн, бирок, Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова шектүү жаранды үй камагына чыгарды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь