Тиешелүү жаза колдонулат!Дастан Жумабековдун катасы көп каты боюнча ЖКнын аппараты үн катты

183

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы, социалдык тармакта кызуу талкууга алынган, Дастан Жумабековдун каты делген” документ боюнча билдирүү таратты

Маалыматка ылайык ,Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады.

“Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган.
Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган.”
деп жазылат маалыматта

Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат.

Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Д. Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганы маалыматта жазылган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь