Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эки күн мурда балык уулоо үчүн чыгып кеткен жубайлар изделип жатат.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары 38 жаштагы аялы менен 40 жаштагы күйөөсү 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00дөр чамасында көлгө балык улоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
“Жоголгон балыкчылардын туугандары алгач эч бир кызматка кабарлабай, өз алдынча издөө ишин жүгүзүшкөн. Айыл өкмөткө 3-мартта билдиришкен. Алар милицияга кабарлашып, алар аркылуу бизге маалымат берилди. Учурда издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылууда”, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы.
Алардын айтымында, балыкчынын кайыгы 2-мартта Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы аймакта көлдөн саат 18:00дө табылган.
Азыркы учурда Каракол шаарынын куткаруучулары менен Жети-Өгүз районунун куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен бирге издөө иштерине киришти.