Кабарчыга кол көтөргөн шаар тургуну(ВИДЕО)

225

Шаарыбыздын Маевка аймагынын тургундары үйлөрүнүн түбүнө келип алып газ сатып жаткан унааларга каршы экендигин айтып биздин сайтка кайрылышты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында алар өздөрүнүн жашоо коопсуздугун ойлошууда. Бирок, мыйзамсыз, тиешелуу органдардын уруксааты жок эле,өзүм билемдик менен автогаз саткандар жарым жылдан бери ишин улантып келет. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана биздин чыгармачылык топ биргеликте рейд өткөрүп испекторлор мыйзамсыз экендигин далилдешти. Тилекке каршы газ ээлери каршылык көрсөтүп биздин кабарчыга кол көтөргөн.

Мындай башаламан мыйзамсыз иштерге тийиштүү тарап чара көрө алабы же бармак басты көз кысты болуп кала береби азырынча белгисиз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь