Бишкектеги Маевка айылындагы көчөдөгү кудуктан болжолу 4-5 айлык түйүлдүк табылды. Бул маалыматты Чүй облусттук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургул Нусупова тастыктап, учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди:
“ Окуя боюнча ,Маевка айылынан кабар келип түшкөн соң кызматкерлер жерине барган учурда таштандынын арасындагы баштыктан, 4-5 айлык түйүлдүк табылган. Учурда ал боюнча, иликтөөчү экспертизалар дайындалып, териштерүү иштери уланууда”
Маалыматка ылайык, түйүлдуктү ыргыткан эне изделип жатат. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды