К. Кадыров: “Атамбаев Коррупционерлердин атаманы болуп алды”

316

Саламатсызбы? Кубанычбек мырза мына жакында эле абактан чыктыңыз. Маалымат жыйын берип мурдагы бийлик тарабынан саясий куугунтуккка кабылганбыз деп да айта кеттиңер. Негизи эмне себеп менен камалдыңыз эле?

Бизди 2016-жылы 24- мартта “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармаган. Бирок иш жузүндө мыйзамсыз басып алуу ойдо жок болчу. Мыйзамдуу түрдө эле ачык курөшүү баштап Атамбаевдин коррупциялык иш аракеттерине каршы тура баштаганбыз. Ошол себептен камалдык.

-Өзүнүз айтып жатасыз 24- мартта камады деп ага чейин сиз ал киши менен жакшы мамиледе болчусуз да анан кантип каарына калдыңыз?

Башында Алмазбек Атамбаевдин командасы менен Бакиевдин уулу Максимдин кантип эл канын соруп жатканын анализдеп жүргөнбүз. Кийин эле жомоктогу ажыдаарга айланып калды. Көрсө ал киши өз пайдасы үчүн жасап жатыптыр. Өлкө башчы болуп келгенден кийин Кумтөрдөн, Датка-Кеминден, түндүк -түштүк жолунан акча жей баштады. Буга далилдер бар.

Өзүңүз деле ИИМдин башчысынын орун басары болуп турдуңуз, СДПКда убагында мүчө да экенсиз. Бирок өткөн маалымат жыйында түрмөнү Атамбаевге бошоттук деп жар салдыңар.Негизи болчулар барбы.

“Калк айтса -калп айтпайт” дегендей Атамбаев жемкорлордун башчысы экенин көрсөттү. Ал президент болоордо коррупцияны түп тамырынан кыркам деген. Бирок өзү башчысы башчы болду. Мына командасы менен канча акча жегени азыр ачыкка чыгып отурат.

– Сапар Исаков менен иштешип калдыңызбы? -Жок иштешкен жокмун. Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковдор азыркы учурду же иш козголушун саясий куугунтук деп баалоодо.

Буга кандай баа бересиз?

Мунун баары саясий куугунтук эмес. Булар өкмөт башчы, калаа башчы болуп туруп чет элден келген акчаларды максатсыз пайдаланган. Ал үчүн мыйзам чегинде жооп бериш керек. Азыркы бийликке чыныгы оппозиция боло албай ушундай шылтоо айтып элди бөлүүгө аракет кылуу туур эмес. Азыркы өлкө башчыга кандай көз караштасыз. Жээнбеков эл менен бирге жүргөн эл арасынан чыккан адам.Таржымалын журналистер силер дагы, эл дагы билет. Анын кандайдыр бир терс көрүнүштөргө аралашканын уга элекмин. Маектешкен: Сыргак Бактыяров

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь