Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу “Калыс Медиа” сайты жарыялады.
Маалыматтарга караганда, Момбековдун 15-февралда Бишкектеги “ТЭЦ-2” жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү суракка чакырылышына себеп болгон. Анын үстүнөн Жогорку соттун төрайымы арыз жазганы маалыматта жазылган.
Момбеков жолугушууда соттор “ТЭЦ-2” жаңы конушунун жашоочуларына карата адилетсиз чечим чыгарып жатат деп айткан.