Таластагы катуу шамал мектептин чатырын алып кетти(Сүрөт)

361

Таласта катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры жабыркады. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

2019-жылдын 4-март күнү саат 17:00дөн тартып 18:40га чейин Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылында катуу шамал катталган. Шамал Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда. Жабыркагандар жок.”деп айтылат маалыматта

5-март күнү жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь